“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айыл өкмөт башчыдан кабар жок…

  •    Кечээ Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким М.Камчыбеков   Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал жана Кадыралы айылдарындагы мектеп, бала бакча, ФАПтарда болуп, жылуулуктун берилиши боюнча маалымат алды.

Андан соң айылдын айрым тургундары, жергиликтүү кеңештин депутаттары  менен жолугушуп, электр энергиясы, көмүр менен камсыз болуусу  тууралуу  пикир алышты.

 

Тургундар  көмүр  белгиленген суммадан кымбат сатылып жатканын жана аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Алманбет Акматовдун айылга келип, тургундардан  кабар албаганын айтышты.

Барчын Мамытбекова