“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз ССРинин Эл агартуу министри, Ак-Талаа элинин сыймыгы, билимдин атасы Мукаш Базаркулов атабыз.

Мукаш Базаркулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бургѳн аймагындагы  Дарбазанын асты деген жерде 1935-жылы кеч кγздѳ туулган.

img_2090

Атасы Базаркул колхоздоштурууга чейин жеке чарбалардын башчысы болуп келген. Ата-Мекендик согуш мезгилинде 1941-1943-жылдары Ак-Талаа райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели болуп иштеген. Апасы Yпѳл Токтосун кызы Курткадагы Кайдуулат уруусунан эле.

Мукаш Базаркулов- ѳзγ дайыма изденγγчγ, ишти туура баалоого, керектγγсγн талдоого, ѳз алдынча талап коюуга мγмкγнчγлγк берген, туура чечимдерди кабыл алууда дайыма талыкпай иштеген, таза жетекчи.

1015761032   125257_g

1955-ж мугалимдердин эки жылдык институтун , 1962-ж КМУнун филология факультетин бγтγргѳн. 1955-57-жылдары Ак-Талаа районундпгы «Жаңы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-жылга чейин  Тогуз-Торо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа райондук билим берγγ бѳлγмγнγн башчысы, 1965-8-ж Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бѳлγмγнγн башчысы, 1970-ж КП БКнын инспектору, 1971-79-ж партиянын Иалас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979-91-ж Билим берγγ министри болгон.   1991-ж Чγй облусунун билим берγγ башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенент. Кыргыз ССР Жогорку советине депутат болуп шайланаган. 1973-ж Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Мукаш Базаркулов сексен жылдык ѳмγрγндѳ тынымсыз изденγγ, ѳнγгγγ менен алектенип, адамдарга- кыргыз элине болгон жакшылыгын аяган жок. Бγгγн да ал коомдук иштерин улантууда. Азыркы кγнгѳ чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берγγ комиссиясынын мγчѳсγ катары билим берγγсγн кыргыз элинин менталитетине, салтына ылайыкташтырылган, патриоттук идеалары менен ѳзгѳчѳлѳнгѳн жалпы журтчулукта ѳз сѳзγ бар инсан катары таанымал.   Мукаш Базаркулов азыр да Эл мугалими катары билим берγγ системасынын иштерине дайыма катышып турат. Акыйкатта, Кыргыз  Республикасынын  билим тармагынын өнγгγшγн агайдын ысымысыз эскерγγ мγмкγн эмес.  Себеби  бул  тармактын тагдырлашы болуп, даӊкын да, азабын да, жеӊишин да бирге көтөрө билген Мукаш агай билимдин  бийик  аскасына  дале озунуп чыгып, кеӊешин айтып келе  жатат.     Азыркы  кγндѳ Ак-Талаа районунун Кара-Бγргѳн айылында Мукаш Базаркуловдун  атындагы мектеп бар. Арыбаӊыз  Мукаш агай!

ff7b347fe9bc0b35d9f14acab13b4037

Сынак учун даярдаган: Нурбек кызы Аймырза

Редактору: Э.Тажиева