Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү.
Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип тогүшөт.
Бул жагдай ошол айланада жашап жаткан жашоочуларга чоң зыян алып келүүдө. Бул туралуу Калбубу Жапановна мындай дейт.
-Бизге ошол жактан учуп келет, үйүбүздүн айланасын баарын таза эмес абалга келтирет, зыяндуулугу ошо. Майда балдарга
кандайдыр бир жугуштуу оору жугабы деп тынчсызданабыз аябай.
-Таштанды тууралуу тиешелүү адамдарга кайрылдыңыз беле?
Кайрылган деле жокпуз, ошол айыл өкмөтүнүн эле жанындабыз, көрүп эле жатат ошого эч мындай чара көрүлгөн жок, турат учуп… Биз анда-санда тамдын айланасын терип, тазалап коебуз.
Айылдын ортосундагы бул таштандылар боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын билүү максатында, Баетов айыл аймагынын жооптуу катчысы Молдолиева Айзада Жумакадыровнадан жооп алдык.
-Таштанды чуңкуру эмне үчүн айылдын арасында жайгашкан?
-Бул айыл өкмөтүнүн
имаратынын жанындагы таштанды чуңкуру Союз учурунда спорт комплекс курулат деп казылып калган, кийин каражаты толук бөлүнбөй, учурунда бүтпөй калган.
-Төгүлүп жаткан таштандылар айыл тургундарына зыян алып келүүдө, буга кандай карайсыз?
-Целлофандар, баклашкалар буларды өрттөсө да болбойт экен.
Проект менен чогултуп кайра иштетип, өндүрүштүк кичи ишкана ачып, башка бир нерсе жасаса болот го… Өрттөгөндө да зыяндуу заттар көп чыгат экен. Зыяндуулугун билебиз. Бул боюнча баардык жерде тушундуруу иштери жургузуп жатат.
-Таштанды төгүлгөн жайда кичинекей балдар ойноп жатышат, буга көз карашыңыз кандай?
-Мектеп жанында болгондуктан балдар барат. Бул жерде «Айзуура» балдар бакчасы бар Карасартов орто мектеби бар. Бирок мугалимдер тарабынан дагы, биз тарабынын дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эми акырындык менен үстү толуп, жабылып, көрктөндүрүү жашылдандырууга
алдыда пландар, мүмкүн башка бир имарат курулат андан кийин балдардын ойноосу үчүн шарт тузулуп калат. Ар кандай жерлерге таштанды чогулбаш үчүн GIZ фонду проект өткөрүп 3млн. сомго жакында спец. техникалар менен келет. Айыл ичинин 18 кварталына 18 контейнер орнотулат. Ошону менен биз айылдын тазалыгын сактай алабыз деп айтат элем.
Таштандыларды алыс чыгаруу менен айылыбыздын тазалыгын жана өзүбүздүн ден соолугубузду сактоого баарыңыздарды чакырабыз.
Даярдаган Жээнбаева Бермет
«Тунук» мультимедиа борбору.