Ак-Талаа районунун Конорчок айылында “ Компаньон” микрокредиттик компаниясынын демилгеси менен “ Айыл алга” деген аталышта Алма фестивалы болуп өттү. Фестивалда Конорчок айылында өсүүчү жашылча жемиштин жана алманын бир канча сорттору коюлду. Катышып жаткан Деми лге 1, Демилге 2 жана балдар бакчасынын “Кубан бөбөк”командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Карвинг” жашылча-жемишти кооздоп кесүү искусствосу, “Алма жөнүндө ырлар” жана “өзгөчө жемиштер” номинациялары боюнча сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
“өзгөчө жемиш” номинациясы боюнча сынакта Конорчок айылынын тургуну Макешова Толкун өстүргөн 440 гр. салмактагы алма алдыңкы орунду ээледи. Сыйлык ээси өз тажрыйбасын мындайча бөлүшту:
Жазында эле алманы түптөгөндөн баштадык. Түбүнө удобрение (жер семирткич) берип, аны да өзүбүз даярдайбыз. Биогумус даярдайбыз. Компос ачытабаз. Химиялык удобрение (жер семирткич) эмес. Убагында суюлтуп, сугарып, бутап, дарылап, экологиялык жактан таза жер семирткичти махорка чеснок, ачуу калемпирден кошуп, үй шартында даярдайбыз. Баарын тен кол менен жасайбыз.
Ал эми алма өстүрүүнүн бардык жол жобосун окуу -тренингдерде айыл тургундарына үйрөткөн аталган кредиттик компаниянын “Эко-бак” долбоору боюнча тренери Мамбетов Аман Конорчок айылында алманын дээрлик көп сорту өстүрүлөрүн айтат:
Айыл жергесиндеги жашоочулардын жашоо тиричилигин жогорулатуу, алма осумдукторун огородуна тигип, кийинки жаш муундарды анемия оорусунун алдын алуу сактоо. Айыл жергесинде бир уй було 10 туп алма отургузуп койсо, жыл бою витаминдүү азык заттар менен камсыз болот, базарга чуркабайт, тушумдун ашканын сатса , кошумча киреше болот.
Алма өстурөм деген каалоочуларга сиздин кенешиниз?
Айыл жергесинде аба ырайына, шартына байланыштуу алма сортторун тигип алса дей элем. Анткени кээ бирлери ага карабай эле базардан сатып ала беришет. Ал климатка туура келбесе өспөй калышы мүмкун. Ар бир райондун климатына, шартына туура келген сорттордун отургузушса деп кенеш берет элем.
Республиканын бардык аймактарында кезек менен өтүп жаткан мындай алма фестивалдарын өткөрүүнүн негизги максаттары жөнүндө компаниянын Нарын областык филилалынын менеджери Жакееева Аида буларга токтолду :
Бул фестивалды өткөрүүнун негизги себеби: адамдарды алма остуруу демилгесинде чогултканбыз. Конорчокто 2 демилге топ бар. Аларга алманы кантип түптөп, бутап өстүргөндөн баштап , мөмө алганга чейин биздин адистер үйрөтүшөт. Ошо менен 2 топ бири-бири менен жарышып, өнөрүн көрсөтүп, тажрыйба алмашат. Биз 2012-жылы Ак-Талаа районунда республикалык фестиваль өткөргөнбүз. Ошонун жыйынтыгы боюнча айыл тургундары ыраазычылык билдиришип, тургундар: алманы башкача көз караш менен өстүрүп калдык, балдарыбызга витамин болот. Ашканын сатып жибергенге да болот деп айтышууда. Азыр 8-фестивалды отуп жатабыз. Элге пайда келтирип жатабыз деп сыймыктанабыз.
Эр эмгегин жер жебейт дегендей бардыгыбыз талбай эмгектенүү менен ден соолугубузга кам корүүнү унутпайлы.
Даярдаган Г.Мамытбекова