Баетов айылындагы орто мектептеринин орус класстарында 100 дөгөн окуучу окуйт.Бул окуучулардын көпчүлүгүнө окуу китептери жетишсиз, ушул маселе боюнча Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин орус классынын окуучулары Сатарбекова Нургиза менен Замирбекова Нурзат мындай дешти.
Орус класстары үчүн бардык эле китептери жетишпейт. Мектептин китепканасынан 3-4 эле китеп алабыз, калганын башка жактан сатып алыбыз.
Көбүнчө кайдан сатып аласынар?
Жогорку класстын окуучуларынан же шаардан сатып алабыз.Бирок ал деле колдонулган китеп. Эгерде шаардан сатып алсак 300-350 сом, ал эми бул жактан алсак 200-250 сомдон болот.
Балдары орус класста окуган окуучулардын ата-энелери дайыма китеп жетишсиздигин айтып келишет. Айрымдары балдары учун оздорунун чонтогунон чыгарып китеп сатып беришуудо. Кээ бир уй-булолордо -4-5тен бала окуйт. Бирок бардык эле ата-энелердин акча каражаты жетише бербейт. Ал эми эч жерде иштебеген ата-эненин балдары бир да китеби жок окушат дейт Абдыкадырова Кайыркул.
Азыркы кезде китептер жетишпейт туура. Менин мисалы кызым 5-класста окуйт. Ага быйыл 6 китеп сатып бердим. Ар бирин 200 сомдон сатып алганда эле 1200 сом болду. Эгерде ар бир үйдө 4-5 бала окуса канча сомго сатып алыш керек?
Бугунку күндө китептер жетиштүү болсун учун кандай сунуш айтасыз?
Китеп жетиштүү болуш учун ата-энелер чогулуп китеп фондун түзүү керек. Эгер бир жолу жогорку класстар үчүн сатып алсак аны кийинкилер окуй берет эле.
Эмне учун орус класстар окуу китептери менен толук камсыз болбой жатат деген суроо менен Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Молдокматов Туякбек агайга кайрылганыбызда мындай дейт:
Эмне себептен орус класстарга китеп жетишпейт?
—Орус класстарга китеп жетишпегенинин себеби, азыр Кыргыз Республикасында билим беруу жана илим министрлиги тарабынан атайын китепке деп акчаларды болот 100 миллионго чейин акча болуп жатат андан да коп акчаларды болуп жатат, бирок ошонун ичинен орус класстарга кобунчо шаар сыртындагы ,шаардагы мектептери кобунчо Россиянын китептери менен окушат,а биз Россиянын китептерин алыш учун спонсорлорду табыш керек, спонсорлорго мектептегилер аракет кылышпайт.
-Орус кластарды китеп менен камсыз кылуу учун кандай иш аракеттерди жасап жатасыздар?
-Биз Россия Федерациясынын элчилигине кат жөнөткөнбүз, бирок жооп келе элек.
Жакында келет го дейм.
“Китеп омур булагы” дегендей китеп жок болсо жетиштүү билим ала албайбыз, ошондуктан ар бирибиз мектеп китеп бериш керек дебей өз алдыбызча аракет кылалы.
Даярдаган Касымалиева Айчолпон.