“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Волонтёрлор үчүн окуу өткөрүлдү.

6 Ноябрь 2014 жыл 16:57
Көрүүлөрдүн саны: 138

“Тун-Ук”  жамааттык мультимедиа  борборунун  волонтерлору  үчүн   бир  күндүк  окуу өткөрүлдү.  Окууда  волонтерлор   жарандык  журналистика,   тема  тандоо,  интервью,  жанылык жазуу жана аны   сайтка жайгаштырууну үйрөнүштү.  Топторго  бөлүнгөн  волонтерлор  теориялык алган  билимдерин  практика  жүзүндө   иштеп көрүшүп, чакан маалыматтарды даярдашты.  Окууну өткөрүп жаткан   Н. Иманкулов    “Борбордо келечекте журналист болом деген ыктыярчылар иштейт.  Ошол  себептүү  аларга азыртан туура багыт берип, ушул сыяктуу окууларды өтүп туруу  керек.   Аларды  окуунун жүрушундө тажатып жибербеш үчүн  ар түрдүү оюндарды  ойноттум  жана  керектелүүчү   буюмдарды өз  каражатыма  сатып  келдим ”  дейт.

20141005_191736[1] 20141005_190322[1]

Даярдаган:    А. Айылчиева