Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында калкты биометрикалык каттоо 12-ноябрда башталып, учурда 184 киши каттоодон өттү. Маанилүү бул кампаниянын жүрүшү жөнундө Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Турусбеков мындай дейт:
Бул Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан каттоо эки жерде почта байланыш түйүнүндө жана айыл өкмөтүнүн конторасында. Иштөөгө толук шарттар түзулгөн. Өзүнүздөр көрдуңүздөр ушул жерде кабинет бөлүп берип, атайын окуудан өткөн эки адисибиз каттоо иштерин жүргүзуп жатышат. Ар бир мекемеге каттоодон өтүү боюнча график түзүп жөнөткөнбүз. Ошого ылайык коллективдүү келип өтүп жатышат. Андан сырткары адистерибизге көчөлөрдү бөлүп бердик, алар ардагерлерге, фермерлерге жана тиешелүү жарандарга түшундүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Биометрикалык каттоодон өтүп жаткан Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айымбүбү Жамалова өз оюн билдирди: Бүгүн биздин Ш.Бейшеналиев атындагы мектеп биометиркалык каттоодон өткөнү келдик. Каттоо бул Кыргызстандын ар бир жараны үчүн милдеттүү болуш керек деп ойлойм. Адамдын оздүгүн так аныктап, ал маалыматтарды алуу ар бир адам үчүн мамлекет үчүн да керек. Биометрикалык маалыматтарды алуу менен менин оюмча калктын саны такталат, ошондой эле кайсы адам болбосун чет мамлекеттерге барууда ушул маалыматтар зарыл болот экен.
Каттоо иштерин жүргүзүп жаткан Баетов айыл аймангынын адиси Назгүл Абышбаева каттоо иштери тууралуу мындай дейт:
Каттоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Албетте мындай каттоо биринчи жолу болуп жаткандыктан кыйынчылыктар болбой койгон жок. Каттоо иштери жапкшы жүрүп жатат.
Жарандардын биометрикалык өздүгүн тактоого баарыбыз салым кошолу.
Даярдаган: Б.Мамытбекова