Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебиндеги балдар тамактануучу ашкананын жабдыктары ата-энелердин жардамы менен жаныртылды. 1-4-класска чейинки окуучулардын ата-энелери жалпысынан 10 200 сом чогултушуп, бул каражатка ашкана үчүн нан салгыч, тамак жасоочу жабдык, самоор чайник жана газ плиткасы сатылып алынды. Мектеп директору К.Эсеналиевдин айтымында ата-энелер чогулушунда камкорчулук кенеши түзүлүп, жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Кеңештин демилгеси жана ата-энелердин колдоосу менен ашкана жабдыктары жаңыртылып, тамак берүүдө кыйынчылыктардан бир аз арылды.
Даярдаган: Айбекова А
игры интернет казино http://admiralavtomaty.com/igrosoft-besplatno/fruit-cocktail/ играть бесплатно в казино