“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Тайлак баатыр атындагы спорт клубу коптогон ийгиликтерге жетишип жатат.

22 Ноябрь 2014 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 323

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан “Тайлак баатыр” атындагы спорт клубу көптөн бери ийгиликтерге жетишип келе жатышат . Алар Кыргыз Республикасын башка өлкөлөргө танытууга жана  желегин желбиретүүгө салымын кошуп келишет. Жакында эле спорт клубдун жетекчиси Капарбек уулу Билимбек өзүнүн окуучуларын  Нарын шаарында  болуп өткөн   күрөш боюнча  өспүрүмдөр арасындагы мелдешке алпарып келди. Ал жактан биринчи орунду алган  Билимбек кызы Калмира  менен  кабарчыбыз  Айылчивеа Адина маектешип келген:

20141121_183211

Сен машыккандан бери кандай ийгиликтерге жетиштин?

Машыккандан бери коп эле ийгиликтер болду ,себеби тренировкаларды жакшы эле кылып жаттык ,шаарга чейин барып келдик жакшы орундарды алдык.

20141121_183329

Эмне учун спортту тандап алдын?

Эми озум кааладым да ,атамдын кыла  албаганын биз кылалы деп чечтик.

“Тайлак баатыр” спорт клубу айылдагы өспүрүмдөрдү  эркин күрөш жана кыргыз оюндары менен машыктырып келет.Бул спорт  клубунда 360 өспүрүм машыгат.Спорт клубунун жетекчиси Капарбек уулу Билимбек кабарчыбыз Айылчиева Адинага клубдун жетишкен ийгиликтери жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди:

20141121_181633

Бул спорт клубдун ачылганына 5 жыл болду кудай буюрса.2010-жылы иш жүзүнө киришкенбиз.  6 ай ичинде эле Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасында Кыргызстан чемпионатынын биринчилигин утуп алганбыз. Камчыбекова Мээрим деген кызыбыз Гуанджоу шаарында 5 орунду  алып келди. 2011-жылы кыздар арасында биринчини утуп алып , Гулжаз Капарбек кызы Таиландда 3-болуп келди. Кайра 2012-жылы кыз-келиндер арасында Токмок шаарынын биринчилигин утуп, Якутия шаарында Сахада курошуп келген. Экөө  тең  Кыргыз Республикасынын чебери. Балдар арасында  Амабек уулу Амантур Шералы Сыдыковдун  эл аралык турниринде 2010-  ж жылы алтын, 2011-жылы күмүш  медалдын  ээси  болгон. Кайра Раджаб Жанаев атындагы эл аралык турнирде коло медалга татыктуу болгон.

Бул спорт клубду өзүңүз ачтынызбы же мамлекеттен колдоо болдубу?

Мамлекеттен жардам болгон жок  бирок мамлекетти  алыс деп өөнөбөйм.   Муну окуучуларымдын ,досторумдун, өзүмдүн   жеке менчик клубу болуп эсептелет. Мамлекетке кичине болсо да салым  кошуп  жатабыз  деген ниеттебиз.

“Спорт ден-солуктун булагы” дегендей  ар дайым спорт менен машыгып, ден-соолугубузду чындайлы.

      тайлак баатыр спорт клубу
      tajlak-baatyr-sport-klubu

 

Даярдагандар:

Касымалиева Айчолпон

Айылчиева Адина