Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алуу клубу ачылып иш алып барып жатканына аз убакыт болду. Клубдун мүчөлөрү айына бир жолу жолугушуу өткөрүп турушат. Ү й-бүлөлүк медицина борборунун кардиолог дарыгери Мамашарипов Райымберди:
“Башка областтарга салыштырмалуу Нарын областында жүрөк кан-тамыр оорусу менен жабыркагандар абдан коп. Ошондуктан бул клуб абдан керек. Негизги максат элдин ден соолугун чыңдоо жана көгөйдүн бири болгон журок кан тамыр ооруларын өтүшүп кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзөбүз.Чынын айтканда өткөн жолугушуубузда 15тей киши болчу. Мүчөсүн чектөөнүн кажети жок, ким кааласа, ушул оорулар боюнча маалымат алам десе келе берсе болот. Келген адамдын баарысын биз мүчөсү деп кабыл алабыз” дейт.
Даярдаган: К.Кубанычбекова
cheap essays for sale