“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

С.Каралаевдин 120 жылдыгына карата бир айлык жыйынтыкталды.

11 Декабрь 2014 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны: 201

Ш.Бейшеналиев атындагы орто  мектебинде С.Каралаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган   “Кыргыздын  жүрөгүнө Манасты  түнөткөн  Саякбай”  аттуу  бир  айлык жыйынтыкталды.  Иш  чарага  мектептин  ата-энелер  комитети, мугалимдер жамааты, мектеп директорлору, коомчулуктун  өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.  “Манас таануу”, “Жаш манасчылар”,  “Жаш сүрөтчүлөр”,  “Жаш манасчылар”  сынагын ичине камтыган бул иш чарада жаш таланттар улуу манасчы Саякбайдын балалык чагы тууралуу чакан сценка көрсөтүштү. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы  Чынар Сатындиева “Бул чон масштабда өткөрүлүп  жаткан иш чаранын максаты учрда улум кийинки муун биздин залкар инсандарыбызды билбей баратышат. Андыктан улуу манасчы С.Каралаев  тууралуу ар тараптуу маалымат алышсын, кандай адам болгонун билишсин  деген максатта уюштурганбыз. Иш чара жогорку денгээлде өттү деп ойлойм.  Улуу манасчынын  жолун  жолдогон жаш манасчылар   бизде абдан көп. Эми манасчылар мектебин же  клубун  түзсөкпү  деп  ойлонуп  калдык.  Ар бир   жаш манасчыга, сүрөтчүгө, активдүү  катышкандарга  демөөрчүлөрдүн жардамы  менен   белектерди  бердик ”-дейт.

.                                                                                                   . 20141110_202559[1] 20141210_113611 - копия (2)

 

.20141210_114949 - копия20141210_142118

20141210_12482120141210_121437

Даярдаган:               Барчын Мамытбекова