“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Милициянын жаш жардамчылары” сынагы болуп өттү.

12 Декабрь 2014 жыл 19:03
Көрүүлөрдүн саны: 453

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн   атайын түзүлгөн жобосунун негизинде  “Милициянын  жаш жардамчысы”   сынагы   Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  3 мектептин окуучуларынын  катышуусунда болуп өттү. Сынакта   “Жаш жардамчылар”   катарда марш менен ырдап басуу,  кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин сүрөтүн тартуу жана өмүр баянын айтып берүү, автоматты чачып,  белгилүү убактыттын ичинде жыйноо  жана Ата Мекенди даңазалап ырдоо  сыяктуу   5 тапшырманы аткарышты. Сынактын жүрушундө калыстар тобу иштеп, жыйынтыгында Б.Мүсүралиева атындагы орто мектеби  1-орун, ал эми Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жаш жардамчылары 2-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

20141212_154213  20141212_15010220141212_150301

 

Даярдаган:  Кубанычбекова Калида, Каныбекова Адина