“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Милициянын ардагерлери медалдар менен сыйланышты.

24 Декабрь 2014 жыл 23:22
Көрүүлөрдүн саны: 152

Бүгүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө эс алуудагы милициянын  бир катар  ардагерлерине ички иштер министрлигинин атайын медалдары  ыйгарылды. Ички иштер органдарынын   Нарын областык ардагерлер  кеңешинин   төрагасы , отставкадагы полковник Азим Дөөталиевдин айтымында    област боюнча 44 ардагерге   “Кадырман”  медалы тапшырылды.

Милицияда көп жыл иштеп ардагер болуп пенсияга чыккан ардагерлер бар, мына ушундай адамдарга “Кадырман”  деген медаль тапшырылды. Анан милициянын 90 жылдыгына карата юбилейлик медаль болду. Бул абдан чоң дата. Республикадагы жакшы иштеген  ардагерлер кеңешинин төрагаларына министрдин Ардак Грамотасы бар.  Мына ушул Ардак Грамотаны да тапшырдым.

Жаңы жылдын алдында сиздин куттуктооңуз?.

Бардык областын ардагерлерине, ички иштер органдарынын кызматкерлерине чын ден соолук, иштерине ийгилик каалайм.

Ал эми ички  иштер министринин Ардак грамотасы менен сыйланган ардагерлер кеңешинин төрагасы   Саткынов Айдаркул  Ак-Талаа райондук ички иштер органында 35 жыл эмгектенгенин сыймыктануу менен айтты.

Ички иштер бөлүмүнө ардагерлер кандай жардамдарды берип жатасыздар?

Эми ички иштер бөлүмунө  жаштар келет, жаны иштеген кызматкерлер келет. Ошолорго насаатчы катары кеп-кенештерди берип,штеген иш тажрыйбаларды айтып, учурунда жардам берип турабыз.

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги   Кадыров Талант ардагерлер  менен ар дайым байланышып турабыз дейт.

Ардагерлерге  кандай жардамдарды көрсөтүп жатасыздар?

Ички иштер бөлүмүнүн атынан быйыл  кышка карата   арзандатылган  көмүр түшүрүп бердик. өздөрү бөлүшүп алышты. 3-4 тоннадан  тушуруп  алды окшойт.Карылар кунундө ардагерлерибизге өзүбүздүн белектерибизди бердик. Бугун биздин райондогу ардагерлер кенешинин төрагасы Саткынов Айдаркул министрдин   Ардак грамотасы, Мамаев Калыбек   жана дагы 2 ардагерибиз  Кыргыз милициясынын 90 жылдыгынын юбилейлик медалдары  менен сыйланышты.

Улууну урматтасаң кичүүдөн сый көрөсүң демекчи ар дайым ардагерлерибиздин ак эмгегин унутпай, алардын жолун сыймык менен уланталы.

 

Даярдагандар:  Барчын Мамытбекова. Айдай Рахатбекова