“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Айылда таштанды негизги көйгөй болууда”

23 Январь 2015 жыл 20:24
Көрүүлөрдүн саны: 179

Дейт Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган демилгелүү топтун мүчөсу Жукеш уулу Максат.  Анын айтымында демилгелүү топтун мүчөлөрү  сурамжылоо жүргузгөндө  катышкандардын 66 пайызы таштанды негизги көйгөй деп белгилешкен.  Сурамжылоонун жыйынтыгында Баетов айыл аймагы менен бирге   долбоор жазышкан. Долбоор “Жарандык коомду колдоо” жана “Айыл демилгеси” коомдук бирикмелери аркылуу жактырылып,  GIZ уюму тарабынан финансылык колдоого алынды.

20150120_121437

Жергиликтүү жана тышкы ресурстарды тартуу, ошондой эле алардын колдонуусун баалоо, мониторинг  жүргүзүп туруу   11 адамдан турган демилгелүү   топтун негизги максаты. Буюрса “Биз айылды бирдикте тазалайбыз долбоору   да ийгиликтүү болот деп ишенем”  дейт Жукеш  уулу  Максат.

Даярдаган: Б.Мамытбекова