“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Коомдук угууда таштанды боюнча долбоор талкууланды.

23 Январь 2015 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 221

Баетов айылынын тургундары, жаштар, аксакалдар кеңеши,депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коомдук  угууда  “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоору талкууланды. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Турусбеков Талант долбоордун милдеттерине токтолду.

окмот

Долбоордун негизги милдеттери  таштандыларды чыгаруу  жана пластмасс,полиэтиленден жасалган буюмдарды кайра иштетүу боюнча Баетов айыл аймагынын алдында  “Таза аймак” муниципиалдык  ишканасын  түзүү.  Жергиликтуу тургундарды  таштандыларды сорттоо боюнча окууларды өтүү, эл менен бирге төлөмдөрдүн  тарифин  аныктоо, 17атайын таштандыларды чогултуу жайларын куруу жана 17 темир контейнерлерди коюу.  

Долбоорду баштагандан мурда туруктуулугун ойлойбуз. Анткени акча берип кетиш оной, бирок анын туруктуулугу башка сөз-дейт “Жарандык коомду колдоо”  коомдук бирикмесинин координатору Кыял Султанбаева

кыял фото

Силер   пластик таштандылар менен тиричилик, курулуш таштандыларын бөлүп таштаганга өзүңүздөр даярсыздарбы?  Туруктуулук жөнүндө эмнеге айткым келип жаат. Биз пластик таштандыларды майдалаган аппарат алып беребиз. Ошол менен майдалап кайда алып барасыздар, Бишкекке алып барасыздарбы ойлоносуздар. Андан акча түшөт. Эгер сиздер таштандыларды бөлбөсөңүздөр, айыл өкмөттүн аны жасоого убактысы жок.

“Айыл демилгеси”  коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айнура Мадраимова:

20150120_113326

Долбоордун негизги максаты ушул болуп жатат.  Коомчулук калктын бир өзүнчө социалдык  механизмин иштеп чыгып, аны өнүктүрүү.  Демек дегенде проект башталгандан кийин материал түшүп жатабы жокпу, тендер өткөрүлүп жатабы жокпу, башында демилгелүү  жумушчу топ түзуп  көзөмөлдөөгө алып, туура, туура эмес болгонун калкка жеткириш керек-дейт.

20150120_121437

Ал эми демилгелүү  жумушчу  топтун  мүчөсү Жукеш уулу Максат топтун максаттары жана укуктары тууралуу буларды айтты:

Баетов айылынын социалдык өнүктүрүү планын түзүүгө жана маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле жергиликтуу жана тышкы ресурстарды тартуу,  алардын колдонуусу боюнча мониторинг жүргүзөт.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сулайманов Абдумалик өз кезегинде айыл тургундарын долбоорду ишке ашырууда көмөк көрстүүгө чакырды:

малик фото

Бардыгыңыздарды уюшкандыкка, демилгелүүлүккө,ынтымакка чакырам. Мындай долбоор биздин райондо биринчи жолу болуп жатат. Ушул долбоорду жакшы ишке ашырып, туруктуу болуп, элдин көйгөйүн чечет деп ишенебиз. Биздин эл ынтымактуу,ашарды,  демилгени жакшы көтөргөн эл деп сиздерди өзүмдүн, элдин атынан  ишендирип кетем.

Айылыбыздын тазалыгы  үчүн баарыбыз атуул катары көмөк корсөтөлү.

      Tashtandy-dolbooru-dayar

Берүүнү даярдаган:  Б.Мамытбекова