“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн адистер мекемелерди кыдырууда.

5 Февраль 2015 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны: 133

Баетов айыл аймагында жарандарды каттоодон откөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды  жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.

20150202_102228

Баетов айыл аймагынын адиси Н.Абышбаеванын айтканына караганда жашоочулардын 45 пайызы каттоодон өткөн. Эми ушинтип шаймандарын көтөрүп алып, мекемелерди кыдырып, өтпөй жүргөн жарандарды каттоодон өткөрүшөт. Андан  кийин ардагерлерди, майып адамдардын үйлөрүнө барышат.

20150202_102355

Даярдаган:   Б.Мамытбекова