Баетов айылында 2 жылдан бери муз тебүүчү жай жашоочуларга кызмат көрсөтуп келет. Айрыкча жаштар, окуучулардын эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу борборго айланган бул жерде кезек куткөндөр абдан көп. Эртен менен саат 9дан баштап иштейт жана 1 сааты 50 сом.
Баетов айылынын тургуну К.Акышев: “Бул жайды өз каражатыма ачкам. Баасы аябай деле кымбат эмес. Тушкөн каражатка кайра эле коньки сатып келебиз. Бул жерге көбүнчө жаштар,окуучулар келишет.Коньки тепкенди билбегендерди үйрөтөбүз. Анан албетте үй-шарты начар үй-бүлөнүн балдарына бекер тебүүгө уруксат” дейт.
Даярдаган: К.Кубанычбекова Н.Муратбекова