“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Балдардын коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүүдө

7 Февраль 2015 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны: 176

Учурда республика боюнча балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан зордук-зомбулук  негизги маселе болууда. Көңүл борборунда коомчулуктун талкуусунда туруп жаткан мындай көрүнүштү алдын алуу максатында Баетов айыл аймагында атайын иш мерчемдери түзүлдү.Баетов айыл аймагынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Г.Нураева жакындарынын  карамагында калган балдардын коопсуздугу тууралуу  төмөнкүлөрдү билдирди:  Бироонун карамагындагы  калган балдар бар. Алар ошол ошол козомолдо калган таята-таене, же жакындарынын колунда болсо сот аркылуу уруксат менен көзөмөлдө болот да. Биздин каттоодо болот. Мектеп менен бирге жашоо шарты, окуусу кандай болуп жатат көзөмөлгө алып  турабыз.

гулзина фото

Соц.кызматкерлер жана мектептердин социалдык педагогдор жакындарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын жашоо шарты менен таанышып чыгышты. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Жангазиева Бурул  аталган мектепте мындай категориядагы балдардын саны-92. Негизи жыл башында эле тактайбыз-дейт. Биз да мектептеги жакындарынын колунда калган балдарды кыдырып чыктык.  Жашоо шартын, балдарга үйдөгүлөр кандай мамиле жасалып жатат, окуган жери кандай, канча киши жашайт, үйү канча комната мына ошондон бери карап, акт түзүп, туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик.

бурул фотоакт фото

Ал эми Ак-Талаа райондук социалдык коргоо башкармалыгынын  үй-бүлөнү жана  балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Качкынбаев Эрлан район боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду

Ар бир айыл өкмөткө, тиешелүү соц. кызматкерлерге  кат жөнөтүлгөн. Ар бир камкорчу жана Мигранттын балдары кайда калган,  ошол үйдөн тарбия алып жатабы же  сыртка чыгып кеткенби? Агасынын же эжесинин үйүндөбү, маалыматты тактап жатышат. Соц.педагогдор, ИДН, учаскалык инспекторлор менен бирдикте соц.кызматкерлер иш алып барып жатышат.

эрлан фото

Район боюнча бирөөнүн көзөмөлүндө турган канча бала бар?

Район боюнча 10 бала камкорчу жана көзөмөлчүнүн каттоосунда турат. Балдар биздин келечек. Андыктан ар бирибиз алардын коопсуздугу  жана  саламаттыгы үчүн кам көрөлү. Кайрадан амандыкта жолугалы.

 

      ldardyn-koopsuzdugu

Берүүнү даярдаган:    Б.Мамытбекова   К.Кубанычбекова   Н.Муратбекова