“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Англис тили жумалыгы жыйынтыкталды.

17 Февраль 2015 жыл 10:49
Көрүүлөрдүн саны: 762

Ш.Бейшеналиев атындагы орто  мектебинде  «Англис тили эл аралык тил» деген аталыштагы англис тили жумалыгы жыйынтыкталды.  Англис тилин сүйүүгө тарбиялоо максатында жарыяланган жумалыкта сүрөт сынагы өтүп,  окуучулар англис тилинде  “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү, макал-лакап, жаңылмачтарды айтышты.

аймырзадилбаян

буклет

Ошондой эле мыкты кол жазмалар   жана дилбаяндар  көргөзмөгө коюлду.  Ал эми 9-кл.окуучусу Замирбек кызы Ханзада белгилүү  “Титаник” көркөм фильминдеги, 6-классынын окуучусу Нурбек кызы Аймырза Мэри Кристместин “Счастливая рождество” ырларды жогорку деңгээлде ырдап беришти.

анара_эже[1]

Чети тили мугалими  Мурзакулова Анаранын айтымында мектепте бул тилге кызыккан окуучулар абдан көп. Ошондуктан алар сабактан сырткары атайын  ийримге келишет.  “Манастан”  үзүндүнү бат эле жатташты, обонун келтирүү бир аз оор болду.

 

Даярдаган:  Б.Мамытбекова