АРИС “Айыл жерин суу менен камсыз кылуу жана санитария-2 ” долбоорунун алкагында “ Нарын, Талас, Ысык-Көл областарында санитария жана гигиенаны илгерилетүү” программасын жүзөго ашырууну баштады. Аталган программанын негизги максаты мектептерди таза суу менен камсыз кылып, ал аркылуу балдардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, ден –соолугуна камкамкордук кылуу болуп саналат. Бул боюнча Ак-Талаа районундагы 5 жалпы орто мектептин социалдык педагогдору жана тарбия иштери уюштуруучулары 2 күндүк окуудан өтүп келишти. Окутуу ар кандай интерактивдүү оюндар менен коштолду.
Эми алар үйрөнгөндөрүн мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге окутушуп, атайын иш мерчемдери түзүшүп, бирге иш алып баруу үчүн меморандум кабыл алышат.
Даярдаган: Б.Мамытбекова