“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаштар арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү

17 Февраль 2015 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны: 154

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө   жаштарды  ынтымакка, достукка,  илим-билимге тарбиялоо менен бирге  таланттарын элге таанытуу, маданий деңгээлин көтөрүү  максатында “Кош жылдыз”  кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынактын шартында 17-жаштан 24-жашка чейинкилер деп белгиленгени менен калыстар тобу баш байгени  Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Нурланова жана 9-кл.окуучусу Сейдакматов Аргенге  ыйгарышты. Ал эми 1-орунга Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү  Абдиев Ринат жана Самудинова Саламат ээ болду. Калган  4 жупка калган орундар бөлүштүрүлүп, кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

анарбек марипа

Даярдаган:  Б.Мамытбекова