Ак-Талаа районунун аймагында ички иштер бөлүмү тарабынан “Допинг” аталышындагы рейд жүрүүдө. Мунун негизинде бөлүмдүн кызматкерлери Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары менен менен жолугушуу өтүп, спирт ичимдиктери, тамеки, насбай өңдүү ден-соолукка зыян алып келүүчү заттар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле КРнын Кылмыш Жаза кодексиндеги өспүрүмдөргө тиешелүү статьялар менен тааныштырышты. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖОИИ (жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору) Мамбеталиева Бермет “Биздин бөлүмгө ЖОИИ боюнча дагы штат берилди. Бул абдан жакшы болду. Түшүндүрүү иштери бардык орто мектептерде жүрүп жатат” дейт.
Даярдаган: Б.Мамытбекова