“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Афганчылар мектепте “Эрдик сабагын” өтүштү

20 Февраль 2015 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 185

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 15-февраль Афганчылар жана 23-февраль Куралдуу Күчтөрдүн күнүнө  карата   жолугушуу болду. Жолугушууга келген афган ардагерлери ошол кездеги башынан өткөн оор кундөрдү эскеришип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

директор окуучу сабак

Ал эми Куралдуу Күчтөрдүн жана Афган ардагерлердин Чүй областык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Беккелдиев окуучуларга  “Эрдик сабагын” өттү

сабак

“1989-жылы Советтик Армиянын жоокерлерин Афганистандан чыгарып баратканда баарыбыз ыйладык. Анткени  жүрөгүбүздө эки өкүнүч  бар эле. Бири чогуу кызмат өтөгөн көп  досторубуз окко учту, экинчиси тирүү өз Мекенибиге кайтып баратканыбыз болчу”  дейт каарманыбыз.

Даярдаган:     Б.Мамытбекова