“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Мен Ата Мекениме кызмат кыламын”

20 Февраль 2015 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 308

деген аталыштагы мелдеш  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чара   Афган  жана Куралдуу Күчтөрдүн Күнүнө карата уюштурулуп, атайын калыстар курамы иштеди.

калыс

Аскердик-Спорттук мелдешке  11а, 11б-класстарынын  “Собр” жана 11в-классынын “Альфа”  командалары катышты. Мелдеште “биринчи медициналык жардам, автоматты чачуу, жыйноо, противогазды кийүү, чечүү,кол күрөш,кесме кесүү, аркан тартыш”  өндүү тапшырмаларды аткарышты.

аскат 20150219_155603[1]протиПротивогазжайсан камыр

Автоматты чачуу,жыйноо, кол күрөш  тапшырмаларында кыздар артыкчылык көрсөтүштү.

Сезим 2кол курош

 

Жыйынтыгында 86.7 балл менен “Собр” командасы алдыңкы орунга ээ болду. Тапшырмаларды аткарууда артыкчылык көрсөткөн жаш Мекенди коргоочуларга уюштуруучулар  жана Райондук Аскер комиссариаты тарабынан Ардак Грамоталар тапшырылды.

приз аскат приз

Бул мелдеш “Азем” бий тобунун бийлери менен коштолду.

бий

Даярдаган: Б.Мамытбекова