“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ата-энелердин спорттук мелдеши өттү

6 Март 2015 жыл 20:40
Көрүүлөрдүн саны: 123

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин демилгеси менен  “Улуттук экономиканы өнүктүрүү жылына”  карата  ата-энелердин спорттук  мелдеши өттү.  Ата-энелер чана сүйрөө, аркан тартыш, кар салмай өңдүү тапшырмаларды аткарышты.

20150225_161012[1]20150225_104346[1]

 

20150225_104838[1]20150225_160711[1]

Мелдештин жүрүшүндө жигердүү катышкан ата-энелере комитет тарабынан белектер, грамоталар тапшырылды. Мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы С.Сарыков  “мындай мелдештер дайыма өтөт. Буга чейин “Шайыр старт”  деп өтүлчү. Бүгүн башталгыч класстын ата-энелери арасында болду. Эми апрель айында волейбол жана футбол өтүүнү пландап жатабыз” дейт.

Даярдаган:  Б.Мамытбекова