“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ата-энелерге тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү

6 Март 2015 жыл 21:02
Көрүүлөрдүн саны: 130

Ак-Талаа районундагы айрым орто мектептер “Суу, санитардык гигиена” боюнча АРИСтин долбоору менен иш алып барышууда. Бул долбоор  мектептерди таза ичүүчү суу менен камсыз кылып, жакшыртылган санитардык шарттарды түзүү максатын көздөгөндүктөн ата-энелерге , окуучуларга, мектеп парламентине, мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

20150224_171655[1]20150224_171140[1]

Мына ушул багытта Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде атайын ата-энелер менен жыйын өттү. Жыйынга ден-соолук комитети, ветеринардык кызматкерлер  катышты.АРИСтин Ак-Талаа району боюнча эксперти Темирбек уулу Мирлан суудан жугуучу  жугуштуу оорулар, аларды козгоочу мите курттар жөнүндө видеофайл көрсөтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.Жыйындын соңунда ата-энелерден, ден-соолук комитетинин өкүлдөрүнөн турган «Суу.Санитардык комитети» түзүлдү.

Даярдаган:Б.Мамытбекова