“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мугалимдерге долбоор боюнча окуу өткөрүлдү

6 Март 2015 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 156

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  АРИСтин “Суу.Санитардык гигиена”  боюнча долбоору ишке ашууда. Ичүүчү коопсуз суу менен камсыз кылуу аркылуу балдардын ден- соолугуна камкордук кылуу максатындагы бул долбоордун негизинде мугалимдерге  окутуу өткөрүлдү.

20150220_180228[1]20150221_165824[1]

Окутууда интерактивдүу ыкмалар колдонулуп,  мугалимдер кол жуу эрежелери, даараткананын мааниси, таза суу жана аны сактоо, мите курттар жана алардан жугуучу жугуштуу оорулар тууралуу маалымат алышты. Үйрөнгөндөрүн окуучуларга, ата-энелерге жайылтышат  жана класстан тышкаркы иш-чаралар өтүлөт.

Даярдаган:  Б.Мамытбекова