“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айыл чарба шайманы колго жасалууда

14 Апрель 2015 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны: 244

      Баетов айылынын тургуну Шыгаев Келдибек жазгы талаа жумуштарына колдонулуучу тырмоонун тиштерин   колго жасайт. Эскирип, керектен чыгып калган тырмоону алып, анын тиштерин чыгарып, мизи учталып кайрадан жаңыртылат.Учурда мындай тырмоонун 6 даанасы ишке даяр. Буйрутма менен эмес өздөрүнүн жазгы талаа жумуштарына колдонуу жана элге кызмат көрсөтүү үчүн гана жасалууда.

20150407_151209[1]20150407_151358[1]

“Тырмоо айдоо айдагандан кийин жерди жумшартат, топурактын чоң –чоң кесиндилерин майдалайт. Ошондуктан бул дыйкандардын жер айдоосу үчүн абдан керектүү.Сатып алганга ар бир эле дыйкандын каражаты жетпейт. Анын бир тиши эле 50 сом турат” дейт Шыгаев Келдибек.

Даярдаган: Б.Мамытбекова
sat essay examples custom essay writing services personal narrative essay