“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Чыгармачыл инсанды эскеришти

14 Апрель 2015 жыл 21:08
Көрүүлөрдүн саны: 133

      Бүгүн райондук маданият үйүндо “Маданияттын мыкты кызматкери”, чыгармачыл инсан маркум Доктурбек уулу Кеңешбекти эскерүү кечеси болуп өттү. Кесиптештеринин демилгеси менен маркумдун 14-апрель туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүүгө туугандары, достору келишти. Доктурбек уулу Кеңешбектин басып өткөн жолу, замандаштарына тартуулаган  чыгармалары жөнүндө достору, жакшы билген кесиптештери кеңири токтолушту.

20150414_164117-1[1]

Өз өмүрүнүн 27 жылын маданиятка арнаган музыкант акыркы жылдары “Ак Мөөрдүн сиңдилери” элдик тобу менен иштешкен.

20150414_144941[1]

Маданият үйүнүн кызмакери жана кесиптеши Карасартов   Бекжан: “Маркум Кеңешбек байке жакшы, ак көңүл, улуу –кичүү менен бирдей тил табыша алган, жөнөкөй, көп кырдуу талант эле.Анан да куудулдук жайы бар эле” дейт.

Даярдаган:  К.Кубанычбекова