Баетов айыл аймагында “Тун-Ук ” коомдук фондусу тарабынан “Биз айылды бирдикте тазалайбыз” долбоорунун алкагында маалымат компаниясы жүрүүдө. Бул иш чаранын негизги максаты айыл жашоочуларына, жаштарга, мектеп окуучуларына, ата-энелерге таштандыны туш келди төгө берүүдөн санитардык абалдын бузулушу, абанын булганышы, ал аркылуу жугуучу оорулар жөнүндө маалымат берүү. «Тун-Ук» жамааттык мултимедиа борборунан аталган багыт боюнча атайын берүүлөр, аудиороликтер уктуруулуда.
Фонддун жетекчиси Г.Мамытбекова: “ Долбоор Германия кызматташтык уюмунун финансылык, “Айыл демилгеси” коомдук бирикмесинин техникалык колдоосу менен ишке ашууда. Маалымат компаниясынын негизинде “Биз таза жашоону тандайбыз” деген ураандын алдында Э.Карасартов, Ш.Бейшеналиев, Б.Мүсүралиева атындагы орто мектептердин окуучулар арасында стенгазеталар жана эссе жазуу сынагы өтөт. Жашоочулар менен жолугушууларды өтүү каралган. Бул компаниянын негизги максаты жана милдети жашоочуларды таштандыны сорттоп, анан төгүүгө ынандыруу, үйрөтүү” дейт. ымат компаниясы жүрүүдө. Бул иш чаранын негизги максаты айыл жашоочуларына, жаштарга, мектеп окуучуларына, ата-энелерге таштандыны туш келди төгө берүүдөн санитардык абалдын бузулушу, абанын булганышы, ал аркылуу жугуучу оорулар жөнүндө маалымат берүү. Ошондой эле таштандыны сорттоо, төлөм каражаттарын жөнүндө жолугушууларды, окуу-тренингдерди өтүү болуп саналат» дейт.
Сынакка даярдаган: К.Кубанычбекова