“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Баетов айылында бала бакча ачылат

25 Апрель 2015 жыл 17:52
Көрүүлөрдүн саны: 218

Жарактан чыгып калган мечитти  бала бакча  кылып оңдошууда.  Бул демилгени Баетов айыл   өкмөтүнүн башчысы  Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.

20150425_094330

Кабарчыбыз Калида Кубанычбекова  бала бакчанын  куруу иштери  жөнүндө” Алтын муун наристе” бала бакчасынын директору  Сатылганова Нургул Жалкыбаевнадан билип келген:

“Бала бакчаны куруу  үчүн мамлекет  тарабынан 3млн сом бөлүндү.  Буюрса күзүндө иштеп баштайбыз, ошондуктан тынымсыз эмгектенүүдөбүз.   Азырынча  жергиликтуу бюджеттен 623миң бөлүнүп, куруу иштери башталды.  Буюрса балдар менен чогуу иштешебиз.”

20150425_094219

Бул бала бакчанын  ачылышын  көп күткөн ата- энелер  көз карашы  түз экенин айтышып,  чексиз  кубангандарын  жашырышкан жок:

“Бала бакчанын курулуп жаткандыгы бизди кубандырат. Буюрса  ичинде бардык шарттары болот деген ишеничтебиз. Бала бакчаны курууга  салым кошкон  бардык жетекчилерге ыраазыбыз.”

20150425_093743

“Балдар биздин келечегибиз” демекчи  бала бакчанын ачылышы жакшы саамалык. Буюрса келечекте көптү  үмүттөндүргөн балдар  ушул бала бакчадан  тарбияланып чыгат деген ойдобуз.

      bala-bakcha-achylat

Даярдагандар:  Алина Калыйнурова

Калида Кубанычбекова