“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Үй — бүлөлүк бантик жасоо ишмердүүлүгү артууда

26 Апрель 2015 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 313

Баетов айыл аймагындагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган  Алтынбек Мундузбаевдин  үй-булөсү алгачкы эмгегин  бантик  жасоо менен башташкан.

20150425_145931

 

Ал бантиктерди  Ак-Талаа жергесине гана таратпастан, Кыргызстандын көп жерлерине таратышты.  Бул үй-бүлө  бир гана бантик жасоо менен чектелбестен  кездемеден,  тасмадан  ар түрдүү гүлдөрдү жасап жер-жерлерге сатышууда.

20150425_145452

Үй-бүлө мүчөсү  Бурулсун  Асанбаевна  ишмердүүлүгүн  кичи ишканадан баштап, эми  кичи ишкананы жетектейт.  Ал  өзүнүн  ишмердүүлүгү  тууралуу  кабарчыбыз  Асель  Жакыповага  айтып  берди:

“Мен бул бантик жасоо иши менен үч жылдан бери эмгектенип келе жатам. Көп үзүрүн көрдүм. Келечекте чоң цех ачсам дейм. Бантиктен түшкөн пайда үй-бүлөбүзгө жетет”.

20150425_150031

Дамира  Балтабаева  бул үй-бүлөнүн  туруктуу   кардары. Ал  бантиктердин сапаты жакшы экенин белгилейт. Дамира  эже  кыздарына 3 жылдан бери сатып  алып  бергенин  жана  дагы да сатып ала тургандыгын  билдирди:

20150425_151538

“Мага Бурулсундун  жасаган  бантиктери  жагат. Ар  бир  кыздын  жаш  өзгөчөлүгүнө жараша жасайт. Мен  дайыма  дүкөндөн эмес  Бурулсундан сатып алам”.

      uj-buloluk-bantik-ishmerduulugu

“Эмгек  кылсаң  жашыңдан,  дөөлөт  кетпейт  башыңдан” дегендей  ак  эмгектин  артында  ар  дайым  ийгилик  болот  деп  ишенебиз.

Даярдагандар:  Асель Калыйнур  кызы

Асель Жакыпова