“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы медициналык аппараттар ден — соолукту чыңдоого көмөк көрсөтүүдө

26 Апрель 2015 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны: 169

Ак- Талаа  районуна  караштуу  Баетов айылынын  тургуну дарылоочу  Күмүшай  Конокбаева  Кореядан  ар  түрдүү  медициналык  аппараттарды    алып  келди.

20150425_153317

Аппарат  көп  адамдарга  жардам  берип,  өз  натыйжасын  көрсөтүп  жатат.  Күмүшай  Конокбаева  аппараттын  кызматы  жөнүндө  кененирээк  айтып  берди:

“Бул  аппараттарды  атайын  Түштүк  Кореядан  алып  келдик,атайын  сертификаты  бар. Атайын  акцияларга  катышып 2-3  ай  жүрүп,ден -соолугубуз  жакшы  болгону  үчүн Ак- Талаа эли  да  дарыланып  ден — соолуктарын  чыңдаса  деген  үмүттөбүз.  Ар  түрдүү  ооруларды  дарылайбыз. Бул  жакта  матрацтар  бар,  ал  матрацтар  ар  түрдуү  ооруларды  алдын  алат. Кан  тамырларды  кеңейтет, кандын  айлануусун   жакшыртат, дем  алуу органдарын  жакшыртат,  уйкуну  жакшыртат,тери  ооруларын   жакшыртат.  Аш  казан, бөйрөк,  бел  ооруларына  атайын  поястар  бар.  Андан  тышкары  биологиялык  таштар  менен  да  дарылайбыз.  Массаж  жасайбыз”.

20150425_153325

Өзүнун  ден- соолугуна  кам  көрүп,  аппараттын  жардамы  менен  дарыланып  жаткан   Баетов  айылынын  тургуну  Жайлообай  Абдиев  өз   ою   менен  бөлүштү:

20150425_161025

“ Негизинен   бул  аппараттар  коюлганы  абдан  жакшы  саамалык  болду. Дарыланып  жаткандан  бери  мен  өзүмдү  жеңил  сезип,  бир  кыйла  жакшы  болуп  калдым.  Ооруган жерлеримдин  баардыгы  айыгып  калды.  Кайсы  жер  ооруп  жатканын  туура  көрсөтөт  экен”.

      apparat

“ Биринчи  байлык  ден-соолук” дегендей  оорунун  алдын  алып,  ден- соолукка кам  көрүү  ар  бирибиздин  милдетибиз.

Даярдагандар: Айганыш  Конокбаева

Нагима  Билимбекова