“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сынакта калыстык болбоду

1 Май 2015 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 187

Дешти жаш инспекторлордун облустук сынагына катышкан ЮИДД командасы. Аталган сынак бир канча жылдан бери окуучуларды жол эрежелерин үйрөтүп,кырсыктарды алдын алууга тарбиялоо максатында облустук ички иштер бөлүмүнүн уюштуруусу менен райондор арасында өтүп келет. Сынакка Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор районунан жана Нарын шаарынан жалпы 6 команда катышты.Командалардын тапшырмаларды аткаруу тартибин баалоо үчүн калыстар тобу иштеди.

20150415_04212120150415_025123

 

20150422_105328 20150415_025245Команданын капитаны Б.Бараканова: “Биз жыл сайын ушул сынакка келебиз. Бирок калыстар тобу дайыма баш байгени М.Сыдыков атындагы орто мектебинин командасына алып беришет. Бул жолу да ошондой кылышты. Ат-Башыдан келген команда күчтүү, даярдыктары жакшы экен. Калыстар ага карашкан жок. Эгер алардын максаты татыктууну эмес, аталган мектептин командасын тандоо болсо, анда бизди да, өздөрүн да убара кылбай эле бере берсе болмок экен” дейт.

20150422_105328

Даярдаган:  А.Рахатбекова

“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”