“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Келечектин жашыл бутактары” акциясы –бала бакчада

22 Май 2015 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны: 328

“Келечектин жашыл бутактары” акциясы бир канча жылдан бери ЖАК МФК «ФУ Компаньон» тарабынан балдар үйлөрүндө, интернаттарда, балдар-бакчаларында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо мекемелеринде жана мектептерде өткөрүлүп келе жатат. Мындай акция буга чейин Кыргызстандын 12 аймагында өткөрүлгөн. Бул жолу аталган акция “Байгөнчөк келечеги” балдар бакчасында болуп, эмгек жамааты жана “Компаньондун” өкүлдөрү 20 туп алма дарагынын жаш көчөттөрүн отургузушту.

CIMG1054CIMG1014

“Акциянын максаты отургузулган көчөттөрдү балдар багып өстүрүп, табият менен таттуу мамиледе болуп, жаратылышка кам көрө билүүгө тарбиялоо болуп саналат”  -дейт менеджер А.Джакеева.

CIMG0997

Ал эми агроном А.Мамбетов көчөттү талапка ылайык отургузуу,багуу  боюнча теориялык жана практикалык негизде көрсөтмөлүү тренинг өттү.

Даярдаган:   Б.Мамытбекова