“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Корей элинин өкүлдөрү Баетов айылында жашоочулар менен жолугушту

27 Июль 2015 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны: 145

     Алардын айрымдары Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан студенттер жана окутуучулар. Алардын негизги максаты эс алуу убагында үй шартына  байланыштуу же дагы бир башка себептер менен айылда жүрүп жаткан мектеп жашындагы балдарга күндүзгү лагерь уюштуруу. Ошондой эле алардын ой  жүгүртүүсүн өстүрүү үчүн  ар кандай оюндар  өтүп, пикир алмашуулар болот. Каалаган окуучулар келе берсе болот.

20150720_102208[1]20150720_102435[1]

Ал эми чыгыш медицинасы боюнча профессор  Ли Мун Гём атайын дарт аныктоочу аппараттардын жардамы менен жашоочуларды дарылоо курсунан өткөрүү үчүн келген.

20150720_102547[1]20150720_105106[1]

Профессор өз сөзүндө   Баетов  айыл аймагында жашаган турмуш-шарты начар 10 үй бүлөгө 10 мешок ун  жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине 14  доска ала келгенин, бул иштердин баары ушул айылдын кызы Бейшеналиева Анаркандын өтүнүчү менен болуп жатканын  кошумчалады.

     Даярдаган:  Г.Мамытбекова