“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Компаньондон” бала бакчага-жардам

28 Июль 2015 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 148

«Компаньон»  ФККсы эки жылдан бери «Жайлоо бала бакчалары»  долбоорунун жигердүү  катышуучусу   катары калктын колдоого муктаж үй бүлөлөрүндөгү балдардын мектепке чейин билим алуусуна колдоо көсөтүп келет. Аталган бала бакчаларда  алыскы  тоолуу райондордо жайлоого чыккан чабандардын балдары атайын иштелип чыккан окуу пронораммасынын негизинде башталгыч билим алышат.Бул жылы “Компаньон”  МККсы  Кыргызстан боюнча   жайлоодогу он бала бакчаны  зарыл буюмдар менен камсыз кылып, окуу-тренингдерди өтүштү.

20150721_120106 - копия

Ошондой эле “Компаньондун”  өкүлдөрү  бала бакчалардын ачылышына активдүү катышып, балдар үчүн оюндарды уюштуруп беришүүдө. Ал эми  чабандар үчүн  жайыттарды туура пайдалануу  жана туура тамактануу боюнча   окуу-жолугушууларды  өткөрүшүүдө.

IMG_1596 - копия

Эске салсак, жайлоо бала бакчалары “Роза Отунбаеванын демилгеси”  коомдук фондусунун демилгеси менен ишке ашууда.

Даярдаган:  Г.Мамытбекова