Быйылкы окуу жылында райондогу орто мектептерде кенже курактагы балдар үчүн даярдоо класстары ачылат. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында окутуучу мугалимдер бул багытта атайын окуудан өтүшкөн. Эми класстык бөлмөлөр үчүн 216 даана парта стулдары менен алынып келинди.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж.Сыдыковдун берген маалыматына караганда бул окуу эмеректери билим берүү жана илим министрлигинин тарабынан берилди. Ал эми райондогу орто мектептерге даярдоо класстарга баруучу балдардын санына жараша бөлүнүп берилет. Кошумчалай кетсек: жаңы окуу жылында даярдоо класстарында окуу үчүн район боюнча болжол менен 600гө жакын жеткинчек барат.
Даярдаган: Б.Мамытбекова