“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эмгегинен ийгилик жараткан айым

11 Август 2015 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны: 100

«Статисттик кесип бир караган адамга жөн эле эсеп алуу болгону   менен өтө татаал. Себеби, башкасын айтпаганда да   көчөдө  жүргөн эшектен бери  санын, төлүн санап, эсебин беребиз”  дейт   40 жылдан бери  Ак-Талаа райондук статистика бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип келе  жаткан Ибраимова Айжамал.Каарманыбыздын айтымында өз кесибин чындап сүйгөн адам дайым билимин өркүндөтүп, изденип  эмгектенсе ,  иштин көзүн билип, оош-кыйышына чыдаса гана эмгектен баар табат.  Оңой оокат болбойт. Көп жылдык эмгеги, элдин маданиятын котөрүүгө кошкон салымы, коомдук иштердеги жигердүүлугү  үчүн  бир нече Ардак Грамоталар  жана Улуттук статистика  комитетинин  “Статистиканын мыктысы”,  КРнын “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси  менен сыйланган.

20150810_115150[1]20150810_115016[1]

Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун, Баетов айылынын Ардактуу атуулу Айжамал эже бир эле  кызматкер болуу менен  гана  чектелбестен  2003-жылдан бери белгилүү     “Ак Мөөрдүн сиңдилери”  элдик  тобунун жигердүү мүчөсү  болуу менен республикалык кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып келүүдө.

20150811_092336[1]20150811_092416[1]

Ибраимова Айжамал 7 уул-кызы ар тармакта эмгектенишет.  Ардагер болсо да  үйгө отуруп албай, жаштарга насаатын берип  дайым иш үстундө.

Даярдаган:  Б.Мамытбекова