“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Суу өтүүчү түтүктөр сапатсыз

2 Сентябрь 2015 жыл 22:50
Көрүүлөрдүн саны: 133

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектепке АРИСтин «Суу,санитария жана гигиена» долбоорунун негизинде 7 жуунучу умывальник,күзгү,2 суу ысытуучу каражаттар (аристон)»Эльзар» фирмасы тарабынан орнотулган.

image

Аталган фирманын өкүлү Р.Мусаевдин айтымында мындай иштер райондогу 6 пилоттук орто мектептерге коюлду. Айрым мектептерде таза суу болбогондуктан бир аз кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бардыгы талапка ылайык орнотулду. Окуу жылынын башталышы менен коюлган жуунучу каражаттарды мектеп жетекчилиги Акт менен өткөрүп алат.

image

Бирок аталган мектептин директору Ч.Рысбаева:«Мен өткөрүп алган жокмун. Анткени суу өтүүчү трубалардын сапаты начар экен. Бул өз мөөнөтүнө жетпей иштен чыгып калсачы» дейт. Эске салсак, аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери орто мектептерде ишке ашып келатат.          Даярдаган: А.Айылчиева. А.Касмалиева