“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы окуу жылындагы жакшы саамалык

2 Сентябрь 2015 жыл 22:23
Көрүүлөрдүн саны: 113

Баетов айылындагы кесиптик окуу жайы Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында ремонттон өттү. Окуу жайдын чатыры толук алмаштырылып, 4 окуу бөлмөлөрү,окуу залдары заманбап үлгүдө жасалгаланды.

image

image

Мындан сырткары слесардык бөлмөнүн чакан, жаңы бөлмөнүн курулушу башталды. Бул жерге да автоунааларды оңдоочу заманбап станоктор алынып келинет. Ошондой  бардык мүмкүнчүлүктөрү бар тигүүчү машинелер жана компьютерлер менен да камсыз болушат.

image

Окуу жайдын директору Э.Алымбекова:»Бул долбоор кесиптик окуу жайлардын окуу-техникалык базасын чыңдоо максатында конкурс катары жарыяланган. Нарын облусунан Кочкор жана Ак-Талаа районундагы 2 окуу жай 3жыл мурда эле жеңип алганбыз. Бирок Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги улам алмаша берип,быйыл араң каражатыбыз колго тийди. Буюрса жаңы окуу жылын жакшы саамалык менен баштадык» дейт.                                   Даярдаган: А.Айылчиева