“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

“Ата Мекендин” үгүт баннерин жаап коюшту

14 Сентябрь 2015 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 162

Жакында өтүүчү парламенттик шайлоого карата саясий партиялар   өлкөбүздүн бардык аймактарында  үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.  Көчөлөрдө, дүкөндөрдө үгүт баннерлер   илинип, гезиттер, буклет, календарлар байма-бай таратылууда. Эртели кеч концерт  көрүп, карапайым элдин ар бир күнү кызыктуу өтүүдө.

20150909_092811[1] 20150914_215443[1]20150914_070733[1]

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында СДПК, “Онүгүү-Прогресс”,  “Кыргызстан”  саясий партияларынын өкүлдөрү эл менен жолугушууларды өткөрүштү. СДПКнын  жолугушуусу райондук маданият үйүндө  өтүп,  жолдун эки тарабы МАИ кызматкерлери менен тосулган. Ал эми дээрлик башка бир да партия  МАИ кызматынан пайдаланган жок.   Бугүн   таң эрте Дөрбөлжүн аянтындагы “ Ильич”  дүкөнүнө илинген  “Ата Мекен”  партиясынын үгүт баннерин белгисиз адамдар бүктөп, бетин жаап коюшту.IMG-20150914-WA0007[1]20150914_174724[1]Ага удаа эле аянтка  “Республика-Ата Журт”  партиясынын лидери О.Бабанов   менен жолугушууга даярдык көрүлүп, сахна орнотулду. Эл чогулган аянтка  О.Бабанов атчан  көк бөрүчүлөрдүн  коштоосунда келди.20150914_174655[1]20150914_174455[1]Борбордук көчө   МАИ эмес узун-туурасынан токтогон машиналар менен тосулган. Жолугушуу узакка созулуп,көнүмүш болгондой артисттердин бекер концерти менен коштолду.

20150914_110922[1]

Даярдаган:   А.Касмалиева А.    А.Айылчиева
http://www.houzz.com/discussions/3388392/m=23/paint-vs-wallpaper