Быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы менен Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 6 орто мектепке БУУнун “Суу, санитария жана гигиенаны илгерилетүү” программасынын негизинде жуунучу раковиналар, суу жылытуучу Аристондор 6-сентябрда кайрадан орнотулуп берилди. Аталган орнотуу иштерин “Эльзар” фирмасы колго алган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап орто мектептерде аталган программа АРИСтин аткаруусунда ишке ашып, мугалимдер атайын окуудан өткөрүлгөн.
Анын негизинде класстык тарбиялык сааттар коюлуп, окуучулар арасында дилбаян жазуу, “Менин кыялымдагы умывальник” деген аталыштагы сынактар өтүп, жеңүүчүлөрүнө атайын белектер, Грамоталар тапшырылган. Учурда окуучулар мектеп ашканасынан тамактанар алдында колдорун жууп, өздүк гигиенанын эрежелерин сакташууда.
Даярдаган: Г.Мамытбекова