“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Куурчак театры мейманда

18 Сентябрь 2015 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны: 143

Жалал-Абад   облустук  “Балакай”  куурчак театры 2 күндөн бери Ак-Талаа районундагы орто мектептеринде болуп,кенже класстагы  балдар үчүн мультишоу тартуулашууда. Балдар үчүн оюндар кызыктуу болуп, активдүү катышышты.

20150918_101707[1]20150918_102651[1]

Театрдын   жетекчиси Кадыркулов Мыктыбек:  “Куурчак театрдын    “Бактылуу балалык”  коомдук фондусунун алдында    5 жыл мурда ачылган. Буга чейин “Токойдогу окуя”,  “Байтерек”  аттуу жомокторду койгонбуз. Мультфильмдердин каармандары аркылуу окуучулар өзүн алыр жүрүүгө, оң жана терс каармандарды  ажырата билүүгө  үйрөнүшөт. Оюн учурунда балдар менен тыгыз иштешебиз”  дейт.

20150918_101032[1]20150918_102545[1]

Жетекчинин айтымында Ак-Талаадан соң алардын сапары  Нарын шаарында, Ат-Башы районунда уланат.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова