“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Элдик баатырды эскерүү

23 Сентябрь 2015 жыл 20:36
Көрүүлөрдүн саны: 172

Баетов айылындагы Адилет атындагы паркта 2010-жылы 7-апрелде курман болгон Карасартов Адилетти эскерүү болду. Буга ата-энеси,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, достору жана мектеп окуучулары катышты. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким С.Черикбаев келечек муундарды патриот, эл кызматына жараган, жанын аябаган атуулдардан болууга чакырды.

20150923_110746[1]20150923_105957[1]

Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Адилеттин өмүр баяны менен тааныштырып, ага арналган ырларды окушту. Ошону менен эле мектептерде атайын класстык сааттар, бурчтар уюштурулуп,спорттук мелдештерди салт катары өткөрүп туруу жагы тапшырылды.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова