Бүгүн Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмү “Билим ордо” коомдук фондусу менен бирдикте “Менин сүйүктүү мугалимим” кароо-сынагын өткөрдү. Сынак анкета түрүндө болуп, ага жалпы билим берүүчү 5 орто мектептин 5-11-классынын окуучулары катышты.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан уулу Рахаттын берген маалыматына караганда аталган сынак жаш жана чыгармачылык менен алектенген мугалимдердин эмгегин , иш-тажрыйбаларын жайылтуу жана окуучулар тарабынан бааланган педагогдордун санын көбөйтүү максатында өттү. Жыйынтыгында Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Күсөрманбетов Рүстөм жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин орус тили Бектурганова Айзада окуучулар тарабынан “Сүйүктүү мугалим” деп табылган.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2016-жылдын март-апрель айында “Билим ордо” коомдук фондусу тарабынан тапшырылат.
Даярдаган: Г.Мамытбекова