“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

86 жаштагы Бегимбү апа добуш берүүгө барат

25 Сентябрь 2015 жыл 8:09
Көрүүлөрдүн саны: 135

Баетов айылынын 86 жаштагы тургуну Мамбеталиева Бегимбү 4-октябрда өтүүчү шайлоого барам дейт. Өмүр  бою дүкөнчү болуп иштеп, учурда ардактуу эс алууда  отурган Бегимбү   апа акыл-насаатын айтып,  чөбөрөлөрүн эркелетип, небере  уул-келиндин төрүндө.  Пайгамбар жашына карабай басканы-турганы тың  каарманыбыз кээде үй-тирилигинде келинине каралаша коет.

20150923_154544[1]20150923_154623[1]

“Илгери шайлоого күн  майрам болчу.  Ал кезде жогору жактын шайла дегенин шайлап коюп келе берчүбүз. Таң эрте барып, добуш берчүбүз. Барбай коюу деген жок эле. Азыр барбай деле коесуңар го. Кудай ден соолук берсе  шайлоого  өзүм эле барам. ”  дейт.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова