Учурда коомчулукта мугалимдин кадыр-баркы жөнүндө ар кандай кептер айтылып келет. Алардын айрымдары жүйөлүү болгону менен эми окуу китептеринде мисал катары берилиши окуучуга кандай пикир жаратары бештен белгилүү. 7-класстын кыргыз класстар үчүн окуу китеби 2007- жылы басмадан чыккан. Ушул эле окуу китеби кайрадан жаңы чыгарылып, быйылкы окуу жылында мектеп китепканаларына жаңы келген. Сыртынан караганда кадимки эле окуу китеби.
Мугалимдер да, окуучулар да сабак учурунда колдонуучу окуу куралы. Бирок аны барактай келгенде “Биздин ата-энелерибиз биздин доорубузда мугалимди сыйлап, урмат кылышкан, ал эми азыркы заманда мугалимдер сый-урматтан ажырап калышты” деген сүйлөм орун алган.
Эми ойлонуп көргүлөчү кыргыз тили сабагынын мугалими ушу сүйлөмдү окуучуларга кантип мисалы деп окуп берет. Өтүп кетейин десе теманы өтүш керек. Китепти жазган авторлор ушул сүйлөмдү жазып жатып, мугалимдердин катарында өздөрү да бар экенин унутушкан өңдүү. Же орунсуз кайталоого башка мисал ойлоп жазууга кыргыздын соз байлыгы аздык кылдыбы?
Даярдаган: Г.Мамытбекова