“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим берүү мекемелери кышка даяр

1 Октябрь 2015 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 123

Ак-Талаа районундагы орто мектептер жана бала бакчаларда кышка даярдыктар көрүлүп бүттү.Күзгү жана кышкы от жагуу мезгилине өтүү, от жагуучу жана көмүр сактоочу жайларды даярдоо, электр от казандарын оңдоодон өткөрүү боюнча иш мерчемдер кабыл алынган. Райондогу 5 мектеп электр от казаны, калган мектеп жана бала бакчалар көмүр менен жылытылат.

20150929_154607[1]

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан уулу Рахат кышка даярдык орто мектептерде 100%, ал эми бала бакчаларда 95% аткарылды, толугу менен даярбыз дейт.

Даярдаган:   Г.Мамытбекова