“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

ИИМ министри М.Турганбаев Ак-Талаа районунун Ардактуу Атуулу болду

1 Октябрь 2015 жыл 16:52
Көрүүлөрдүн саны: 273

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп, ага ИИМ  министри М.Турганбаев, Нарын ОИИБнын начальниги О.Молдосариев жана жергиликтүү бийлик, коомчулуктун өкүлдөрү, милициянын ардагерлери катышты. Министр куттуктоо сөзүндө  кесиптештерин  таза, ак кызмат өтөөнү баса белгилеп, президенттин атынан 300000 сомдун сертификатын тапшырды. Нарын ОИИБнын начальниги О.Молдосариев кызматкерлерди жаңы  имараты  менен куттуктап, жакында өтүүчү шайлоодо коопсуздукту сактап, тынч өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө  чакырды.  Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким С.Черикбаев ИИМ министри М.Турганбаевге  “Ак-Талаа районунун Ардактуу Атуулу”  наамын тапшырды. Бөлүмдүн  жаңы имаратынын ишке берилишине салым кошкон өкүлдөргө жана кызматта артыкчылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине министрлик тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Иш чара  Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жаш инспекторлорунун салтанаттуу маршы менен соңуна чыгып, эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады

20151001_10000820151001_101323

20151001_10442620151001_105529

20151001_10344320151001_103615

Даярдаган:   Г.Мамытбекова